Амантай Кутманалиев жаш акын Болот Назаровдун кармалышы тууралуу кайрылуу жасады
Поделиться в:
Кыргыз Эл артисти Амантай Кутманалиев акын Болот Назаровго кайрылуу жасады. Бул тууралуу Кутманалиевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Ал жаш акынды туура жолдо жүүрүгө үндөгөн билдирүү калтырган.
“Болот Назаров балам, иним, таланттуу жигит, кырсыктан алыс эле болчу айнанайын.
Мен устатың катары айтам (туура кабыл ал)
Эми,
Мыйзамың бар, элиң бар,
Мындан не башка демиң бар.
Баарысын калыс, эл чечет,
Башка мен эмне дегим бар!
Биз сенин талантыңа баа беребиз! Бар бол шакиртим!”, -деп жазды эл акыны.
Москва районунда бирөөнүн жылкысын тартып алууга шектүү катары Болот Назаров кармалганын милиция кабарлаган.
Добавить комментарий ×