Алымкадыр Бейшеналиев: Жеке ишкерлер тарабынан 32 тез жардам унаасы келип түшкөн
Поделиться в:
Кыргызстанда, жалпы ооруканаларда 443 тез жардам унаасы бар. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маалыматында, жалпысынан республика боюнча саламаттыкты сактоо мекемелеринде 443 тез жардам унаасы бар.
“Мындан тышкары, жалпы 71 тез жардам унаасы гуманитардык жардам түрүндө алып келинген, анын 13ү гуманитардык жардам түрүндө, 26 тез жардам унаасы Дүйнөлүк Банк аркылуу (ERICA долбоору), ал эми жеке ишкерлер тарабынан 32 тез жардам унаасы келип түшкөн”, - деп билдирди Алымкадыр Бейшеналиев.
Добавить комментарий ×