“Альянс Алтындын” акционерлеринин атынан Таластын облустук ооруканасына меджабдыктар берилди
Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын акционерлеринин атынан Талас облусунун ыкчам штабына коронавируска каршы күрөшүү жана анын алдын алуу үчүн гуманитардык жардам берилди. Анда кардиомониторлор, пульсоксиметрлер, хирургиялык сордургучтар, кислород концентраторлору, инфузоматтар бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Андан сырткары биринчи партияда облустун дарыгерлери үчүн медициналык каражаттар, жеке коргоочу каражаттар, антисептиктер, дезинфекциялоочу каражаттар бар. Алардын жалпы суммасы 310 миң сомду түзөт.
“Облуска келип жаткан гуманитардык жардамдар тыкыр көзөмөлгө алынып, өз максатында колдонулат”, — деди Саламаттык сактоо министрлигинин Талас облусу боюнча координатору Айжамал Шамбетова.
Буга чейин дагы Талас облусуна коронавируска каршы күрөшүүдө өтө зарыл болгон медициналык аппараттар алып келинген.
“Алтын Альянс” компаниясынын акционерлери коронавируска каршы күрөшүү үчүн 16 миллион сом бөлүшкөн.
Добавить комментарий ×