"Альянс Алтын" компаниясы Таластагы аз камсыз болгон тургундарга, мектеп-интернатка көмүр түшүрүп беришти

14 декабря 2018 16:03 1617 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Талас облусундагы Жерүй алтын-кен чыгаруучу  "Альянс Алтын" компаниясы жергиликтүү тургундарга, мекемелердеги мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана балдарга жардам катары кышкыга көмүр менен камсыз кылышты. Бул тууралуу barometr.kg сайтына компаниянын маалыматты камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов билдирди.

Маалыматта жазылгандай, Талас районундагы жергиликтүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана Кум-Арык айылында жайгашкан мектеп-интернатына көмүр түшүрүп беришти. Андан сырткары, Бакай-Ата районундагы карылар үйүнө, жардамга муктаж уй-бүлөлөргө 15 миңдин тегеринде алынган курулуш материалдарын сатып беришкен. Анткени, электр түтүкчөлөрү менен жылуулук алган мекеме көмүрдүн ордуна курулуш материалдарын алууну туура көргөн.

"Компания бардык мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, карыларга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө компаниянын эсебинен 140миң сом бөлгөн"

Эске салсак, "Альянс Алтын" компаниясы жыл сайын жергиликтүү карапайым калкка материалдык жардамдарды көрсөтүп келет. 

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasy-talastagy-az-kamsyz-bolgon-turgundarga-mektep-internatka-kmr-tshrp-berishti



Добавить комментарий