Алтынбек Сулайманов: "Губернаторлор, акимдер - жатып ичерлер. Буларды жоюш керек!"
Губернатор, акимдер - жатып ичерлер. Аларды жоюш керек! Бул туурасында маселени Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин жыйынында билдирди.
"Аймактарды өнүктүрүү үчүн губернаторлорду, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жана акимдердин бардыгын жоюш керек. 30 жылдын ичинде булар мамлекетти алдыга жылдыргандын ордуна тескерисинче артка тартып келе жатышат. Алар эмне кылышат? Алардын баардыгынын чөнтөгүндө кайчысы бар, мамлекет бир объект салса ошонун лентасын кыркышат, жогорку кызматтагы аткаминерлерди тосуп алып, кайра узатышат. Элге каршы иштешет, бюджетке зыян келтиришет. Буларды тез аранын ичинде таркатыш керек! Булар жатып ичерлер!" -деди депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/altynbek-sulajmanov-gubernatorlor-akimder-zhatyp-icherler-bulardy-zhoyush-kerek
Добавить комментарий ×