Алтынай Өмүрбекова Кара-Суудагы мектептин ачылышына кечикпестен жарым саат эрте барганын айтты
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кара-Суудагы мектептин ачылышына 2 саат кечкпей эле, жарым саат эрте барганын айтты. Бул тууралуу ал интернеттеги өзүнүн баракчасына жазды.
“Кара-Суудагы мектептин ачылышы саат 12:00гө пландалган. Биз ал жерге 11:20га бардык. 10 мүнөттөн кийин иш чара башталды. Иш чараларга окуучуларды катыштырып, тургузуу боюнча тапшырма болгон эмес. Билим уясы 10 жылда бүткөн. Бул элеттиктер үчүн чоң окуя. Бул маселеге сөзсүз кайрылабыз. Иш чараларга окуучуларды катыштырууга тыюу салабыз”, - деп жазды Өмүрбекова.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-сентябрда Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүндө Кызыл-Ордо айылында 320 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин ачылышы өткөн. Аачылуу аземинде Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын келишин 2 сааттан ашык күткөн окуучулар өзүн жаман сезишкенин бир катар маалымат булактары жазышкан.
Добавить комментарий ×