Алты баладан токмок жеген окуучу: Аксы РИИБдин кызматкери сөгүш алды

12 марта 2020 18:04 1542 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Аксыда топ баладан токмок жеген окуучунун иши коомчулукка дайын болгондон кийин аймактык ИИО тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Аксы РИИБдин жетекчилиги милициянын ыйгарымдуу өкүлү өзүнүн түздөн-түз милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана начар профилактикалык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн сөгүш алды. Жашы жете электердин иштери боюнча инспекторуна укук бузууларды алдын алууну күчөтүү, профилактикалык чараларды көрүү керектиги айтылды. Ага карата кызматка бир жума мурда дайындалганына байланыштуу жаза колдонулган жок. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, социалдык тармактарда топтошкон баладан токмок жеп жаткан окуучунун видеосу тарап кеткен. Анда окуя Аксы районунда болгону айтылат. Милиция дагы бул боюнча маалымат берип, окуя кандай болгонун кабарлаган.


Ага ылайык, 2020-жылдын 7-февраль күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Аксы РИИБнин нөөмөт бөлүмүнүн 102 телефон номуруна Аксы аймактык оорукананын дарыгери, аталган оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын тургуну, жаш өспүрүм 2004-жылы туулган  Т.М. денесинен жараат алып, ооруканага түшкөндүгүн кабарлаган.

Бул маалымат боюнча милиция тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала териштирүүдө, окуя 2020-жылдын 6-февраль күнү саат 13:30 чамасында Авлетим айылындагы №5 А.Кабаев орто мектебинин жанында курулуп жаткан спорт залдын ичинде өзүнө теңтуш 9-класста окуган 6 бала “Чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр” деп сабап койгондугу такталган. Ошондой эле окуя боюнча жабырлануучунун апасы 1981-жылы туулган. О.З. арыз менен Аксы РИИБне кайрылган.

Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материал Аксы РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Өндүрүш ишинин алкагында Аксы райондук прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле окуяга тиешелүү болгон бардык шектүүлөрдүн ким экени аныкталып, ата-энелердин жана социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Аталган өндүрүш иши боюнча жабырлануучунун апасы О.З. мыйзамдуу өкүлү деп табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө О.З. эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, тосмо арыз менен кайрылган. Бирок Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча тосмо арыз канааттандыруудан баш тартылган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында сот-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, жабырлануучу денесине анча оор эмес залал келтирилгендиги  аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш жыйынтыктоодо турат жана иштин материалдары жакын арада соттук териштирүү үчүн сотко жөнөтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/alty-baladan-tokmok-zhegen-okuuchu-aksy-riibdin-bashchysy-sgsh-aldy



Добавить комментарий

  • Алымжан 5 лет назад
    Милицияга согуш эмес жумуштан алып соттош керек болчу Адам укугу деп ушуну айтат кана корголгону. Анан демократиялык мамлекетпиз деп бут жер жузуно даназалайбыз. Аялдар кыздар деле ушундай акыбалда. Ойлонгула КЫРГЫЗДАР
  • Милиция эмес, мугалим эмес бул окуяда ата энелер куноолу, тарбия уйдон башталат деп ойлойм. Милиция кылмыштуулуктун, тартип бузуун алдын алуу максатында тушундуруу иштерин жургузот, мугалим билим берууго аракет кылат, ал Эми ата эне балдардын тарбиясына жоопкерчиликтуу. Уйдон туура тарбия бербейбиз, анан куноону милицияга, мугалимге оодара салабыз