Билим министри Ысык-Көлдө иштеп жаткан мектептерге барып, сабакка катышты
Поделиться в:
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки күндөн бери Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Билим жана Илим министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
" Министр иш сапарын Балыкчы шаарынан баштап, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда улантып, Каракол шаарына келди. Ал эми иш сапардын алкагында ал окуу процесси реалдуу режимде жанданган мектептерге барып, окуучулардын сабактарына катышты. Ошондой эле, Бейшеналиев тиешелүү адистер менен авариялык абалдагы мектептерди талкуулады"-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-bejshenaliev-ysyk-kld-ishtep-zhatkan-mektepterge-baryp-sabakka-katyshty
Добавить комментарий ×