Баатырбеков: Тойканалар жашыруун мааракелерди өткөргөнүн токтотпосо абал курчуп жатат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү өлкөнүн айрым райондорунда коронавирус инфекциясынын тастыкталган учурлары жана өпкөсү сезгендер көп катталып жатканын билдиришти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Жыйындын катышуучулары кафе жана ресторандарда ар кандай салтанаттар өткөрүлүшү боюнча учурлар байма-бай катталып жатканын белгилешип, массалык иш-чараларды өткөрүү жана айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү үчүн административдик чараларды күчөтүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти.
Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков пандемияны эске алуу менен өкмөт ишкерликти колдоо үчүн антикризистик чараларды, салыктык жеңилдиктерди кабыл алганын айтты. Бирок ишкерлер коронавариска каршы күрөшүүгө жардам берүүнүн ордуна, ар кандай амалдарды жасап, адамдарды кафе-ресторандарынын артындагы эшиктеринен киргизип, тойлорду жашыруун өткөрүп жаткандыктарын белгиледи.
Алмазбек Баатырбеков тойлорду жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча абал өзгөрбөсө, өкмөт мыйзамга ылайык башка чараларды кабыл алат.
Жергиликтүү бийликтин жана тармактык органдардын өкүлдөрү Республикалык штабдын тапшырмасынын негизинде коомдук жайларда бет кап тагынуу режимин сактоо боюнча көзөмөл күчөтүлгөнүн, соода түйүндөрүн жана базарларды дезинфекциялоонун графиги түзүлгөнүн билдиришти.
Биринчи вице-премьер-министр бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаал начарлаганы байкалып жатканын айтып, жарандар абалдын олуттуулугун түшүнүп, жоопкерчиликтүү болуп, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын аткарууга тийиш экенин кошумчалады. Анын айтымында, коронавирус инфекциясын дарылоого жеткирбей, анын жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу керек.
Алмазбек Баатырбеков Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине медициналык мекемелерде дары-дармектердин, жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттардын жана антисептиктердин үч айлык запасын кыскартылгыс көлөмдө түзүп туруу тапшырмасын берди.
Добавить комментарий ×