Алла Пугачева анын жашоосундагы эркектерин тизмектеген көрсөтүүнү "жугунду" деп атады

22 апреля 2019 11:57 2659 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Орустардын “Секрет на миллион” телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусунун Примадонна Алла Пугачева тууралуу даярдаган атайын чыгарылышы ырчыга жакпай калды. Пугачева көрсөтүүнү “жугунду” деп атап, ал эми алып баруучу Лера Кудрявцеваны "жугундунун ичинде жүрөт" деген пикирин билдирген. Мунун себеби көрсөтүүдө алып баруучу Примодоннанын бардык эркектерин тизмектеп кеткендиги болгон. Ырчы аталган берүүдөгү бардык маалыматтардын жалган экенин да айтууда.

Ырчыга көрсөтүүдө анын өмүрүндөгү жашаган, кездешип жүргөн эркектерди тизмектегени жакпай калган.

Ал эми алып баруучу Лера Курдявцева Пугачеванын айткан сөздөрү абдан катуу тийгенин жана бул адилетсиздик экенин айтууда. Ал журналистикада бир кылымдын төрттөн бир бөлүгүнөн бери иштеп келе жатканын жана бардык маалыматтардын текшерилгендигин билдирүүдө.

Кудрявцеванын айтымында, чыгарылышта эч кимди жерге урган, кемсинткен же болбосо намысына шек келтирген сөздөр болгон эмес.

Эске салсак, учурда Алла Пугачева Максим Галким менен бактылуу үй-бүлө болуп, бир кыз бир уулду тарбиялашууда.

Ссылка: https://barometr.kg/alla-pugacheva-anyn-zhashoosundagy-erkekterin-tizmektegne-krstn-zhugundu-dep-atady



Добавить комментарий