Алия Шагиева кантип толготуп, күйөөсү ага кантип жардам берип, чогуу жанында жүргөнүнөн бери сүрөттөп айтып берди
Сүрөтчү Алия Шагиева кантип толготуп, күйөөсү ага кантип жардам берип, чогуу жанында жүргөнүнөн бери сүрөттөп айтып берди. Бул тууралуу экс-президенттин кызы өзүнүн жеке баракчасына жазды.
Жаңы төрөлгөн кызынын сүрөтүн жүктөп, "Кызымдын көздөрү атасыныкына жана байкесиникине окшош"-деп жазды.
"Мени көп күлдүрө бербе, төрөп салам-деп Костяга айткычакты, билгендей эле толгоом башталып калды. Ошол убакта мен бир сөз менен айтып жеткире алгыс сезимдерге чулгандым. Биздин көздөрүбүз бири-бирибизге чагылышып, бир саамга тиктешип калдык. Ошол көз ирмемдерде мен экөөбүз бир адам болуп, бир толкунга суңгүп кеткендей болдум.
Ал, мен жана жан ооруткан толготуу сезими. Бир аз убакыттан соң кызыбыз менен жолугаарыбызды экөөбүз тең күтүп жаттык. Качан ал мени кучагына алганда, мен өзүмдү коопсуз сездим, бир аз болсо да ооруксунтуу кеткендей болду"-деп жазган Алия Шагиева.
Эске салсак, ушул жылдын 21-ноябрында Алия Шагиева кызын жарык дүйнөгө алып келген. Ал эми 2017-жылы тун уулун төрөгөндө дагы күйөөсү төрөткө чогуу киргендиги тууралуу экс-президенттин кызы ачык эле айтып жүрөт.
Интернет баракчаларда көпчүлүгү мындай ачык сүрөттөөлөргө оң көз караштагы пикирлерди калтырышып, жылуу каалоо-тилектерди айтышты.
Добавить комментарий ×