Фото. Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия балдарынын жүрөк жылыткан сүрөттөрү менен бөлүштү

12 июня 2019 11:25 5398 1 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Экс-презижент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева уулунун жана кызынын жүрөк жылыткан сүрөттөрү менен бөлүштү. Маалым болгондой, Алия сурөтчүлүк өнөрүн да аркалап келет. Бул тууралуу:

“Мен балдарымдын сүрөттөрү менен аз бөлүшөм. Башка апалар үчүн бул көндүм адат болбошу мүмкүн. Мен жакшы эне болууга аракет кылам, апа болгондон сырткары менде сүрөтчүлүк сезими да жашайт. Чыгармачылык дагы энелик дагы ага өзүңдү арнашыңды талап кылат. “Апа жана сүрөтчү” деген айкалышуу мени дайыма тынч абалымдан козгоп жиберет. Биз тирүү жандыктарбыз. Биз сезебиз, жана бул өттө керемет”, -деди Алия.

Бирок кээ бир учурларда эч нерсе сезгиң келбей, ташка айланып калгың келген учурлар болот деген “апа”:

“Кээде эч нерсени сезбеген ташка айланып калгың келет. Бир нерсеге тийгенден да коркосуң, кыжырың келет, чарчайсың. Кийин бадардын бөлмөсүнө киргенде баарын унутуп кайра сезе баштайсың. Мына ошондой учурларда биздин сезүүчү жандык экенибизге, үй-бүлөм балдарым бар экенине кубанам”, -деп белгиледи.

Ага кошумча Шагиева жашоо тууралуу да өз пикирин билдирип кетти.

“Жашоо ар түрдүү. Кара нерсе болбосо жарык да болбойт. Бул менин чыгармачылыгымдын да бир бөлүгү. Баракка бир гана өң менен эле кечке сүрөт тарта албайсың, ар кандай өңдөр колдонулат. Жашоо ошондой, ар түрдүү өңдөр мененю алардын бири экинчисинен жакшы эмес, болгону башкача”, -деп кошумчалады Алия.

Эске салсак, Алия Шагиева 2 наристенин (1 кыз 1 уулдун) апасы.

Ссылка: https://barometr.kg/foto-almazbek-atambaevdin-kyzy-aliya-baldarynyn-zhrk-zhylytkan-srttr-menen-blsht



Добавить комментарий