Аламүдүндүн тургуну 11 жаштагы кызга тийишкен деп шектелүүдө
Аламүдүн районунунда эркек киши 11 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган делип шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Милицияга жашы жете элек кыздын атасы кайрылган. Ал 18-августта анын 11 жаштагы кызына туура эмес мамиле жасаган бейтааныш адамга чара колдонууну суранган.
“Шектүү адамдын ким экени аныкталды, ал 46 жаштагы А.К. болуп чыкты.Сурак маалында ал кызга эч кандай жаман мамиле жасабаганын айтты. Анын маалыматына караганда 18-августта Казакстандан кайтып келе жаткан. Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан үйүнө кайтып келе жаткан кезде аны 10-12 жаштардагы кыз токтотуп Аламүдүн базарына чейин ала кетүүнү өтүнгөн. ГЭС-2 айылына кетчү бурулушка чейин жол тыгынынан улам бара албай калып, эркек кызды унаадан түшүрүп, үйгө чейин беш мүнөттө жетеирин айткан жана сүйлөшкөн дагы эмес”,-деп айтылат маалыматта.
Жашы жете элек кыз эркек киши аны буту, колунан, көкүрөгүнөн кармалап, мойнунан өпкөнүн айтып жатат. Соттук психологиялык-экспертиза дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/alamdndn-turgunu-11-zhashtagy-kyzga-tijishken-dep-shekteld
Добавить комментарий ×