Алайда 56 жаштагы эркек кишинин сөөгү өрттөнүп кеткен үйүнөн табылды

8 апреля 2021 16:58 3119 Barometr
Поделиться в:
ok

Алайда турак үйдөн өрт чыгып, анда эркек кишинин күйүп кеткен денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, такталган маалымат боюнча саат 13:33тө Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө айылындагы борбордук базарынын артында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.  

Алай райондук ӨКБнүн №68-ӨККБнүн №3-күзөтүнүн кызматкерлери 13:40да жерине барып, саат 13:44дө курчоого алышкан. Саат 14:04дө өрттү толугу менен өчүрүшкөн.  

Жалпы 103м2 аянт күйгөн. Өрттөнгөн турак үйдөн 1965-жылы туулган эркек кишинин жансыз, күйүп кеткен денеси табылып Алай райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Учурда өрттүн чыгуу себеби жана чыгымы такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/alajda-56-zhashtagy-erkek-kishinin-sg-rttnp-ketken-jnn-tabyldy



Добавить комментарий