"Ала-Тоо" аянтында абал кооптуу. Ок атышуулар угулуп жатат
Поделиться в:
Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарынын бир нече жерлеринде митингдер болду.
Митингчилер баары учурда “Ала-Тоо” аянтына чогулушту. Бир тарабы Садыр Жапаровдун тарапташтары экинчи тарабы Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун тарапташтары. Алар бири -бири тарапка таш ыргытып, аянттан сүрүп чыгаруу аракетин көрүп жатат.
Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде атышуулар угулуп жатат. Эмне болгону азырынча белгисиз.
Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде бир топ адамдар унаалар менен келип кагылышууда. Аларды топтолгондор арачалоого аракет кылып жатышат.
Токтоп турган унаалардын айнектери сынган.
Ссылка: https://barometr.kg/ala-too-ayantynda-abal-kooptuu-ok-atyshuular-ugulup-zhatat
Добавить комментарий ×