Ала-Букада коронавирустан бейтап каза болду деген маалыматка министрлик жооп берди

28 марта 2020 14:31 1027 Barometr
Поделиться в:
ok

Ала-Букада коронавирустан бир киши каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал киши башка оорудан улам каза болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйында билдирди.

“Эртеден бери Ала-Букада бир киши коронавирустан кайтыш болгон деген маалымат тарап жатат. Андай болгон эмес. Ал киши чет мамлекеттен келгенде коронавирус боюнча аракеттердин алкагында 17-мартта Ала-Букадага обсерваторго жайгаштырылган, 82 жаштат экен. Мурдагы оорулары да бар экен. 17-мартта жатып 19-мартта анализи Ошко жөнөтүлүп, 20-мартта анда коронавирус жок деген жыйынтык чыккан. 23-мартта өзүнүн эски ооруларынан улам акыбалы оорлошкон. Ага даргерлер жардам бергенине карабай, түндө дүйнөдөн кайтыш болду. Анын каза болушуна коорнавирустун тиешеси жок», — деди ал.

Мамбетов каза болгон кишинин диагноздору пневмания, кардиосклероз, кан басымы жогору болгонун айтты.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда 58 кишиден коронавирус табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/ala-bukada-koronavirustan-bejtap-kaza-boldu-degen-maalymatka-ministrlik-zhoop-berdi



Добавить комментарий