Акылдуу аялдар жашоодо бактысыз болушабы?

23 июня 2021 16:06 5580 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кара кыздын агынан эмес, багынан”, “Бакыттын көзү сокур, акылдуу кыздар жеке жашоосунда көп кыйынчылыкка кабылышат” деген эл арасында айтылып жүргөн кептерди кулагыңыз чалган жайы барбы?  

Андай болсо эмне үчүн акылдуу делип эсептелген айрым айымдар жеке турмушунда кыйынчылыктарга көп кабылыша турганын Barometr.kg психологдордун тили менен түшүндүргөнгө аракет кылат. 

Албетте ар бир айым өзүнүн деңгээлинде акылдуу жана акылман, бүгүн интеллектуалдуу айымдар тууралуу кеп кылмакчыбыз.

1. Интеллекттин бир бөлүгү ата-энеңизден өтсө, дагы бир бөлүгү окугандан улам калыптанат. Айрым айымдар эркектин тилин таба билүүнү өздөштүргөн болсо, айрымдары “мээсин” өнүктүрүп карьера өстүрүш үчүн кетет. Ошентип кээ бир интеллектуалдуу айымдар өз жаатында мыкты адис болсо да, жеке жашоосунда көп кыйынчылыкка кабылат.

2. Акылдуу кыздардын көбү перфекционист болушат. Алар өмүр бою өзүнүн идеалын издеп бирок таппай жүрө беришет. Күтүүнүн соңу депрессия, тынчсыздануу, ден соолугун жоготуу менен аяктап калышы толук ыктымал.    

3. Акылдуу аялдар теорияда күчтүү болгону менен практикада алсыз. Алар мисалы ишин мыкты билсе да, үй чарбасын жасай албашы толук ыктымал.

 4. Акылдуу адамдардын көбү жашоосун көзөмөлдөп турганды жакшы көрүшөт. Майда-чүйдөнү тыкыр анализдеп, ошолорго бекем туруп, башкалар жеңил гана көз жумуп кое турган нерселердин артынан түшүп алышат.

5. Акылдуу айымдардын көбү күйөөлөрүн башкарганды жакшы көрүшөт. Мунун акыры соңу үй-бүлөлүк жашоодо чыр чатакка алып келиши мүмкүн.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/akylduu-ayaldar-zhashoodo-baktysyz-bolushaby



Добавить комментарий