Аксыда сел суулары унаа жолду каптады (Сүрөт)
Поделиться в:
Аксыда сел суулары сел өтүүчү сайдын 1500м аралыгын жана унаа жолдун 50метрин каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы унаа жолду сел суулары каптады.
"Кечээ, 11-августта саат 17:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Кезерт айылынын сел өтүүчү сайынын болжол менен 1500м аралыгын жана ички чарбалык унаа жолдун 50м аралыгын кум шагылга толтурду", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тазалоо иштери журүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-zholdu-sel-kaptady
Добавить комментарий ×