Аксыда болгон катуу шамал бир нече объектилердин чатырын учуруп кетти
Жалал-Абад областынын Аксы районунда болгон катуу шамал чыгымга учуратты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Аталган маалыматка таянсак, 30-августта болжол менен саат 20:30да Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Райкомол айылында катуу шамал болгон.
Анын кесепетинен Үй-бүлөлүк медицина борборунун чатырынын бир бөлүгү, Сманов көчөсүндөгү 3 сарайдын чатырын шамал алып кеткен. Дарак үйгө кулаган.
Жабырлануучулар жок. Кечээ, 31-августта Жарандык коргоонун райондук комиссиясы тарабынан келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-bolgon-katuu-shamal-bir-neche-obektilerdin-chatyryn-uchurup-ketti
Добавить комментарий ×