АКШда коронавируска каршы вакцинаны табууда суперкомпьютер колдонулат
Поделиться в:
АКШ өкмөтү жана энергетика министрлиги IBM компаниясы менен биргеликте коронавируска каршы вакцинаны жасоодо суперкомпьютерди колдонууну пландап жатат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдирди.
Трамп андан сырткары, вакцинаны иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн консорциумга Amazon, Google, Microsoft, Массачусетс технологиялык институту, NASA сыяктуу бир катар уюмдар кирерин белгиледи.
Өз кезегинде IBM компаниясынын жетекчиси Дарио Жил суперкомпьютер адистерге жогорку ылдамдыкта керек болгон эсептөөлөрдү чыгарып алардын ишин жеңилдете турганын айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/akshda-koronaviruska-karshy-vakcinany-tabuuda-superkompyuter-koldonulat
Добавить комментарий ×