АКШ Кыргызстанга 1,38 млн доллар бөлүп берет

7 мая 2020 18:32 1377 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) Борбор Азия мамлекеттерине коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларды колдоо максатында 6,8 млн доллар, анын ичинде Кыргызстанга 1,38 млн доллар бөлүп берүүнү максаттоодо. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти билдирди.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун Борбор Азиядагы кеңселери бул жаңы каржы каражаттарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте аныкталган илдетке каршы чаралардагы кетирилген мүчүлүштүктөрдү жоюуга жана эң ыкчам аракеттерди талап кылган муктаждыктарга жумшамакчы. Кыргыз Республикасы үчүн COVID-19ду аныктоочу лабораториялык шаймандарды жана каражаттарды сатып алуу, коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерине тренингдерди өткөрүү, чек аралардагы ден соолук абалын аныктоого техникалык жардам жана ошондой эле, клиникалык протоколдорду иштеп чыгып жүзөгө ашыруу маанилүү деп аныкталган.  2020-жылдын 7-майында, Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун аймактык директору доктор Даниэль Сингер, Саламаттык сактоо министри доктор Сабижан Абдикаримов жана Мамлекеттик санитардык көзөмөл департаментинин директору доктор Абдыкадыр Жороев, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчили Дональд Лу тарабынан уюштурулган Facebook-тагы тикелей пресс жыйынга катышышты. 

“Бул каражаттар Кыргыз өкмөтүнүн вирустун жайылышын басаңдатууга карата көргөн чараларын мындан да күчөтүүгө мүмкүндүк берет,” – деди CDCнин Борбор азия боюнча директору доктор Даниэль Сингер. 

CDCнин билдирүүсүнө жооп катары, саламаттык сактоо министри доктор Сабижан Абдикаримов Кыргызстан бул жаатта талыкпай иштеп жатканын айтты.

“Борбор Азияда CDC менен кызматташуунун улантылышы министрликтин коронавирустун пандемиясына жооп кайтаруусун күчөтөт. Бөлүнгөн каражат саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жогорулатуу максатында сарпталат",- деди ал.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасын приоритеттүү деп аныктап алдыңкы катарда COVID-19га каршы күрөшкө жардам иретинде 913,000 доллар нарктагы жеке коргоо каражаттарын USAID аркылуу, жана эми 1,3 миллион CDC аркылуу бөлүп берип жатканына токтолду.

"Бул АКШ Кыргыз өкмөтү глобалдык пандемияга каршы эффективдүү чараларды көрдү деп эсептээрин чагылдырат», –деди элчи.

CDC – АКШдагы коомдук саламаттыкты сактоодогу алдыңкы мекеме, жана Борбор азия мамлекетеринин өкмөттөрү менен коомдук саламаттыкты сактоо жаатында көптен бери уланып келе жаткан тарыхка ээ. CDC өзүнүн биринчи кеңсесин Алматыда 1995-жылы ачкан, жана учурда анын өкүлчүлүктөрү Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда жайгашкан. CDC ар бир саламаттык сактоо министрлик менен, бул өлкөлөр илдеттердин жайылышына ыкчам чара көрүүсүн жакшыртуу максатында жергиликтүү лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, ооруларга жана калкка эпидемиялоогиялык көзөмөл кылуу багыттарында иш жүргүзүп келет.

Ссылка: https://barometr.kg/aksh-kyrgyzstanga-138-mln-dollar-blp-bern-maksattoodo



Добавить комментарий