АКШ Кыргызстанды коронавирус аз жуккан өлкөлөргө кошту

3 ноября 2021 14:36 1374 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул аптада Американын ооруларды көзөмөлдөө жана профилактика боюнча борбору (CDC) Кыргызстанды коронавирустун жугушу төмөн болгон өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Бул тууралуу уюмдун сайтына шилтеме кылуу менен ”Барометр” маалымдайт.

CDC борборунун критерийи боюнча эң эле оору көп жуккан өлкө болуп төртүнчү деңгээлдеги өлкө эсептелет. Ага акыркы 28 күндө 100 миң жашоочунун ичинен 500дөн ашык адамга коронавирус жуккан өлкөлөр кирет. Бул тизмеге 80 мамлекет кирди. Бир аз мурда CDC бул топко Россия, Бельгия, Буркина-Фасо жана Словакияны кошту. АКШнын жарандарына аталган өлкөлөргө барууда сак болууну эскертишүүдө. Эгер иш сапар зарыл болсо анда жаран эмдөө алууга тийиш.

Кыргызстан оору аз жугушу мүмкүн делген биринчи топко кирди.

Коңшу мамлекеттер болгон Казакстан,Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан оору жугуу тобокелдиги белгисиз болгон мамлекеттердин тобуна киргизилген. Бул өлкөлөргө баруудан дагы сактануу керектиги эскертилди.   

Ссылка: https://barometr.kg/aksh-kyrgyzstandyn-koronavirus-az-zhukkan-lklrg-koshtu



Добавить комментарий