АКШ коронавирустун тарашына күнөөлүү болгондорду табабыз деп сөз берди

14 апреля 2020 09:45 622 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео коронавирусту тараткан күнөөлүүлөрдү табуу керектигин айтып, Кытай бийлигин оору тууралуу маалыматты убагында бербегени үчүн айыптады.

Помпое Кытайдын Ухань шаарында башталган эпидемия тууралуу дүйнө коомчулугу өтө кеч билгенин билдирди.

“Бизге глобалдык түрдө дебат керек болуп жатат. Күнөөлүүлөр жоопко тартыла турчу күн дагы келет. Мен андай нерсе болоруна толук ишенем. Айыптоо үчүн да убакыт келет”, — деди АКШнын мамлекеттик катчысы.

Ал өз сөзүндө азыр вирус менен күрөшүү үчүн болгон аракетти көрүп, экономиканы дагы көтөрүү эң башкы максат экенине токтолду.

Эскерте кетсек, коронавирус алгачкы жолу 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында катталган. 14-апрелге карата алынган маалымат боюнча вирус 2 миллиондой кишиге жугуп, 120 миңдей кишинин өмүрүн алды.

Ссылка: https://barometr.kg/aksh-koronavirustun-tarashyna-knl-bolgondordu-tababyz-dep-sz-berdi



Добавить комментарий