Ак-Жар конушунун жанынан кайыр сурап жүргөн 1 бала, 3 кыз табылды
Поделиться в:
Чүй областынын Ак-Жар жаңы конушунун жанында Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1 бала жана 3 кыз табылды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Алар адегенде Аламүдун РИИБине профилактикалык иш-чаралар үчүн жеткирилди. Андан соң балдарды Ички иштер министрлигинин жашы жете электрдин укук бузуусун алдын алуу борборуна алып кетишти.
Балдар рейд учурунда табылган.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-zhar-konushunun-zhanynan-kajyr-surap-zhrgn-1-bala-3-kyz-tabyldy
Добавить комментарий ×