Тазабек Икрамов ак калпакты бир күн эмес бир жума белгилөө керектигин көтөрдү

5 март 2020 10:26 873 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Биз ата-бабабыздан таберик калган улуттук баалуулугубуз ак калпакты майрам күнү эле эмес, такай кийип жүрүшүбүз керек. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов парламенттин жыйынында билдирди.

Депутат ак калпакты бир күнү эле белгилебей, аны Ак калпак аптасы катары жарыяласа жакшы болмоктугун кошумчалады.

«Ак калпак аптасын мыйзамдаштырып, күндү аптага которуп берсек, бара-бара жаштарды ак калпакты такай кийип жүрүүгө көндүрүп алмакпыз. Мына ушул маселени чогуу ойлонуп көрүшүбүз керек», - деп кошумчалады депутат.

Эске салсак, 5-мартта ак калпак жана улуттук кийимдерди даңазалоо күнү катары 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-kalpak-aptasy-katary-zharyyalasak-zhakshy-bolmok



Добавить комментарий