Айыл чарба министринин орун басары: "Жакында баалар өсөт"
Айыл чарба продукцияларынын баалары жакында өсөт деди Айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев бүгүнкү 27-февралда Жогорку Кенештин жыйынында. Мындай жоопко вице-спикер Мирлан Бакиров канааттанбай тургандыгын билдирди.
"Мыйзам чыгаары менен эле баасы көтөрүлөт деп элдерди жана дыйкандарды жөн эле үмүткөр кылбай ток этерин айтсаңыздар. Мыйзам күчүнө киргиче дагы көп күн өтөт. Ишке ашып иштеп кетишине ишенбей турам"-деди Бакиров.
"Жакында айыл чарба продукциялардын өнүктүрүү үчүн атайын органикалык жерлер иштетилип жатат. Ар бир жердин курамында мынча минералдык жана органикалык зат бар деп айта албайбыз. Бирок, бүгүнкү күндө расмий 7700гектар жерде органикалык компоненттери бар экендиги бизге маалым. Биз азыр тиешелүү жаңы нормативдик актыларды даярдап жатабыз"-деди министрдин орун басары.
Белгилүү болгондой, министрлик тарабынан парламентке органикалык аймактарды өнуктүрүү тууралуу мыйзамды ишке киргизүү сунушталууда. Бирок, аны иш жүзүнө ашырууда эч даярдыктары жок экендиги байкалды. Бүгүнкү парламенттеги талкууда министрликтин өкүлдөрү "Иштеп жатабыз, ишке ашырабыз, мыйзамды колдоп берсеңиздер эле жакшы болуп кетет"-деген сөздөрдү айтышты. Бирок, кандай талаптарга жооп бериши керек деген суроолорго так жооп айтылган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/ajyl-charba-ministrinin-orun-basary-zhakynda-baalar-st
Добавить комментарий ×