Айсулуу Тыныбековага Сулайман Тоодон батир берилет
«ТС Групп Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси Алмаз Тиленов күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктап ага Бишкектен элиталык батир убада кылды.
Бул тууралуу Алмаз Тиленов facebook’тагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал Айсулуунун жеңишине үй-бүлөсү менен кубанганын, Айсулууну 10 жылдан берки кыялына жеткенин жана ал элдин үмүтүн актаганын айтат.
“Үй-бүлөөмдүн атынан жана биздин Курулуш компаниянын атынан сизге жаңы салынып аткан «Сулайман Тоо» аттуу турак жайынан батир берели деп чечтик.
Дайым Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, дайым жеңиштин үстүндө жүрүшүңүздү каалайбыз!
Биздин куттуктообузду жана белегибизди кабыл алып коюңуз!
Сиз Курманжан Датка, Таттыбубу Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева жана башка кыргыздын эн мыкты айымдардын катарына кирип, өчпөс из калтырдыныз! Жеңишиңиз кут болсун!», -деп жазды Алмаз Тиленов.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekovaga-sulajman-toodon-batir-berilet
Добавить комментарий ×