Айсулуу Тыныбекова жаштардын дүйнө чемпионатында байге уткан кыздарды куттуктады

17 август 2019 19:29 1696 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова жаштар арасында дүйнө чемпионатында байгелүү орун алган Мээрим Жуманазарова менен Нураида Анаркулованы куттуктады.

Бул тууралуу Азиянын 3 жолку чемпиону Айсулуу өзүнүн инстаграмм баракчасына жазды.

Улуулар баскан жолду улап, жаш муундун өсүп келатканы кубандырат. Нураида Анаркулова Кыргызстандын кыз келиндер курамасында эң жаш балбан кыз. Ал быйыл расмий мелдештерде 4 медаль утту. Анын жаш курагына салыштырганда бул өтө жакшы көрсөткүч. 

Анан албетте, Мээрим Жуманазарованы күмүш медаль утканы менен куттуктайм!”, - деп билдирүү калтырган.

Эске сала кетсек, кечээ Таллин шаарында (Эстония) өтүп жаткан күрөштүн түрлөрү боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын кыз-келиндер күрөшү жыйынтыкталды.

Кыргызстан курамасы бул мелдешке 4 кыз катышып, 1 күмүш, 1 коло медаль менен кайтышкан.

Мээрим Жуманазарова 68 кило салмакта күмүш, Нураида Анаркулова 57 кило салмакта коло медаль тагынышкан.

https://www.instagram.com/p/B1Qa1L8p6Do/?utm_source=ig_web_button_share_sheet

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-zhashtardyn-djn-chempionatynda-bajge-utkan-kyzdardy-kuttuktady



Добавить комментарий