Айсулуу Тыныбекова жана балбан кыздар устатына алтын жалатылган саат белек кылышты

14 февраль 2020 22:46 1768 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков бүгүн кутман курак 50 жашка толду. СССР спортунун эл аралык чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Изабековдун юбилейи Ысык-Көлдө шакирттери менен окуу-машыгууда жүргөн учурга туш келди. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жаштар арасында дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы баш болгон улуттук курама команданын мүчөлөрү жакында Индияда боло турган Азия чемпионатына даярдык көрүп жүрүшөт.  

Балбан кыздар устатынын юбилейин куттуктап, шакирттеринин бардыгы спортто ийгиликтүү болсун деген тилек менен мамлекеттик стипендиядан чогулткан акчаларына алтын жалатылган, баасы 1000 долларлык Apple watch үлгүсүндөгү саатты белек кылып, таттуу торт тартуулашты.

Нурбек Изабеков 1970-жылы 15-февралда Талас районунун Жерге-Тал айылында төрөлгөн. Эркин күрөш менен 8 жашынан машыккан. 1988-жылы Бүткүл союздук уландар оюнунда коло байгелүү болгон. Эркин күрөш юоюнча Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (1995-ж, 1999-ж.). СССР спортунун эл аралык чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Кыз-келиндер күрөшү боюнгча улуттук курама команданы 2010-жылдан бери жетектеп келет. Бул убакыт аралыгында  Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Назира Масрбек кызы, Нураида Анаркулова өңдүү бир нече балбан кыздардын чоң спорттогу карьерасында ийгиликке жетүүгө эмгек жумшады.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-zhana-balban-kyzdar-ustatyna-altyn-zhalatylgan-saat-belek-kylyshty



Добавить комментарий

  • Молодец Айсулуу биз сыймыктанабыз сени менен дагы дагы ийгиликтерди жарата бер олимпиада чемпиону бол