Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүүчү дүйнө чемпионатына барбайт
Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курамасынын лидерлери Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Венгриядагы дүйнөлүк чемпионатка катышпайт. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Венгрияга Кыргызстандын улуттук курамасынан 12 спортчу барат. Турнир 20-28-октябрь күндөрү Будепешт шаарында өтөт.
Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы Францияда өткөн дүйнө чемпионатында 58 кг салмакка чейинкилер арасында коло медаль тагынса, быйыл Кытайдагы турнирде коло, Испанияда алтын медаль багындырган. Ошондой эле Түркиядагы турнирде жана Индонезиядагы Азия оюндарында күмүш байге алган. Ал Азия оюндарынан кийин далысы ооруп жатканын белгилеген болчу.
Ал эми Акжол Махмудов быйылкы жылы Бишкектеги Азия чемпионатында алтын, Азия оюндарында күмүш, ал эми дүйнөлүк жаштар чемпионатында коло медаль тагынган.
Ошондой эле Венгриядагы дүйнөлүк чемпионатта 77 кг салмакка чейинкилер арасында Кайрат Түгөлбаев күч сынашат. Ал эми учурдагы Азия чемпиону Муслим Евлоев да бул чемпионатка барбай турган болду. Ал Бишкектеги триумфтан кийин Азия оюндарына барышы керек болчу, бирок улуттук команданын курамынан чыгарылган.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-vengriyada-tch-djnlk-chempionatka-barbajt
Добавить комментарий ×