Айсулуу Тыныбекова тренери менен жылдын мыктылары наамына татыды

29 декабря 2020 14:50 3114 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарып, Айсулуу Тыныбекова жылдын мыкты спортчусу аталды. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалымат болгондой, бүгүн, 29-декабрда жылдын мыкты спортчу жана тренерлерин сыйлоо аземи болду.

2020-жылдын мыкты спортчуларынын жана машыктыруучуларынын тизмеси:

Айсулуу Тыныбекова - эркин күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү

Мээрим Жуманазарова - эркин күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү

Жоламан Шаршенбеков - грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү

Улукбек Жолдошбеков - эркин күрөш боюнча Азия чемпиону

Айпери Медет кызы - эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси

Руслан Царев - эркин күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун коло медалынын ээси

Исламбек Орозбеков - эркин күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун коло медалынын ээси

Азат Салидинов - грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси

Бекболот Мырзаназар уулу - грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси

Ринат Ильяз уулу - эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси

Роман Ким грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси

Денис Петрашов - Токио Олимпиада оюндарына лицензия ээси, сууда сүзүү боюнча

Атабек Азисбек - Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия ээси, грек-рим күрөшү боюнча

Мария Коробицкая - Токио Олимпиада оюндарынын лицензия ээси, грек-рим күрөшү боюнча

Айваз Оморканов - триатлон боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчү

Юлия Фурнас - триатлон

Айбек Надырбеков - триатлон

Даниел Жээнбеков - ультрамарафон

Оболбек Осмонбеков - ультрамарафон

Дайырбек Каряев - самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси

Иманбек Тентиев - самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси

Самара Абдумалик кызы - самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси

Азизхан Мусабек уулу - Бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси

Нурбек Изабеков - аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучу

Байгазы Кенжебаев - Кыргызстандын эркин күрөш боюнча аялдар улуттук курама командасынын улук машыктыруучу

Азат Эркимбаев - Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучу

Улукбек Карачолоков - грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын улук машыктыруучу

Евгений Петрашов - сууда сүзүү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу

Сатыбек Чокаев - Кыргызстандын жеңил атлетика курама командасынын башкы машыктыруучусу

Сырбекбеков Айбек - Кыргызстандын жеңил атлетика курама командасынын улук машыктыруучусу

Андрей Тупик - самбо боюнча Кыргыз курама командасынын улук машыктыруучусу

Апсамат Мукамбетов - самбо боюнча машыктыруучусу

Нурбек Кожобеков - бел боо күрөшү боюнча машыктыруучу


Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-treneri-menen-zhyldyn-myktylary-naamyna-tatydy



Добавить комментарий