Айсулуу Тыныбекова президенттен белекке алган батирин көрсөттү

25 сентября 2019 17:37 1998 Barometr
Поделиться в:
ok

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова президент белек кылган үч бөлмөлүү батирин коомчулукка көрсөттү.

Балбан кыз батирде апасы экөө түшкөн сүрөтүн инстаграмдагы баракчасына койду. Кыргызстандык алгачкы дүйнө чемпиону мамлекет, өлкө башчысы тарабынан берилген белекке ыраазы экенин билдирген.

Ал ошондой эле ата-энеси, машыктыруучусу менен баарын өлкө башчы кабыл алган сүрөттөрдү койгон.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 62 кило салмакта чемпион болду. Ал финалда Болгариялык Тайбе Мустафа Юсейн’ди жеңип алды.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-prezidentten-belekke-algan-batirin-krstt



Добавить комментарий