Айсулуу Тыныбекова Польшада машыгууларды өткөрүп, Олимп оюндарына даярдык көрүп жатат

11 ноября 2020 12:49 1583 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык айтылуу балбан кыз, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Польшада Олимп оюндарына даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Урматтуу кыргызстандыктар! Жалпыңыздарга салам!

Азыркы тапта Польшада өтүп жаткан эл аралык машыгууларыбыздын себеби Олимп оюндарына даярдануу болуп эсептелет. Андан тышкары, башка салмак категорияларында күрөшкөн спортчу кыздарыбыз эл аралык лицензиялык мелдештерге даярданышууда.

Эл аралык машыгуулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланып, шарттар түзүлүп келет”, - деп жазган Тыныбекова.

Эскерте кетсек, Польшада кыз-келиндер арасында өткөн Poland Open эл аралык мелдешинде Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын медалды багындырышкан.

Ошондой эле, спортчулар 9-ноябрдан 16-ноябрга чейин Спала (Польша) шаарындагы «Олимп Центр» спорт базасында эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрө турганы айтылган.


Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-polshada-mashyguulardy-tkrp-olimp-oyundaryna-dayardyk-krp-zhatat



Добавить комментарий