Айсулуу Тыныбекова биринчи таймашта япондук спортчуну жеңди

4 октября 2021 15:53 3876 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Норвегияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча чемпионатта ийгиликтүү старт алды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Спортчу бүгүн, 4-октябрда 62 кг салмакка чейинки категорияда эркин күрөш боюнча турнирге катышты.

1/8 финалда Тыныбекова япониялык Ноноко Озаки менен кармашып, 6:4 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алды. Тыныбекова 0:4 эсебине чейин жеңилип барып, бирок кайрадан эсепти теңеп, андан соң жеңүүчү болду.

Кыргызстандык спортчунун кийинки атаандашы түркиялык Мерве Карадениз же болбосо белорусиялык Вераника Иванова болору күтүлүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-birinchi-tajmashta-yaponduk-sportchunu-zhedi



Добавить комментарий