Айсулуу Тыныбекова баштаган спортчуларга берилген батирлер убактылуу үйлөр болуп чыкты

4 марта 2020 15:45 1995 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жана башка спортчуларга мамлекет тарабынан батирлер убактылуу гана берилген. Башкача айтканда кызматтык үйлөр болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда белгилүү болду.

Депутат Дастан Бекешев өзгөчө кызматы үчүн турак-жай алган спортчулар менен башка кишилер аны “кызматтык” деген макам менен гана алышканын айтты. Себеби алардын берилиши мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Мамлекет аларга батир берет, бирок ал кызматтык үй, спортчулар аны өздөрүнө каттата албайт.

Андыктан ал турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоору жарандарга өлкө мыйзамдарына ылайык белек катары алган турак-жайды мыйзамдаштырып алуу максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, мамлекет батирлерди эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргогон спортчуларга гана эмес, башка тармактын өкүлдөрүнө дагы берип келет. Буга чейин мамлекет олимпиадалык оюндарда байгелүү кайткан Канат Бегалиевге, Руслан Түмөнбаевге, машыктыруучу Эмил Алыкуловго, веложарышчы Евгений Ваккерге батир берген.

Эң акыркылардан болуп мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун колунан үч бөлмөлүү батирдин ачкычын күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова алган.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-bashtagan-sportchularga-berilgen-batirler-ubaktyluu-jlr-bolup-chykty



Добавить комментарий