Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда швециялык кызга утулуп калды
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Memorial Matteo Pellicone эл аралык мелдешинде швециялык Малин Йоханна Матцон беттешип утулуп калды. Бул тууралуу маалымат unitedworldwrestling.org сайтынан алынды.
Рейтингдик мелдеш Италиянын Сассари шаарында өтүп жатат.
62 кило салмакта күн чынашып жаткан Айсулуу Тыныбекова квалификациялык бөлүктө Беларуссиянын балбан кызы Вераника Иванованын 6:3 эсебинде утуп алган. Бирок кийинки айлампада Айсулуу швециялык Малин Йоханна Матцон менен беттешип утулуп калды.
Кыргызстан кыз-келиндер курамасын башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектеп барган. Курамында Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова баш болгон Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова балбан кыздарыбыз бар.
Мелдеште 68 кило салмакта Мээрим Жуманазарова Италиялык Сара Д. Кол менен беттешип жеңишке жеткен, бирок кийинки айлампада америкалык балбан кыздан утулду.
Ал эми эң оор 76 кило салмакта Айпери Медет кызы Казакстандык Эльмира Сыздыкова менен күч сынашып жеңилип калды.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-18-finalda-shveciyalyk-kyzga-utulup-kaldy
Добавить комментарий ×