Кутманова: "Коронавирусту 4-вариант менен дарылайбыз"

6 августа 2020 13:50 1730 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирусту 4-вариант менен дарылоо башталат. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

«Коронавирус илдетин дарылоо клиникалык протокол боюнча жүргүзүлөт. Учурда, биздин өлкөдө протоколдун 4-варианты даярдалып жатат. Бул нормативдик документ эксперттер тарабынан түзүлөт жана Саламаттык сактоо тарабынан бекитилет.  Ошондой эле, учурда даярдалып жаткан протокол Москва жана Уфадан келген кесиптештерибиз менен да бирге талкууланган. Анын ичине бир дагы эксперименталдык дары-дармек киргизилген жок, анткени вируска каршы дарылардын эффективдүүлүгү далилденген жок.  Негизинен протоколдун 4-вариантында, дарылоо бөлүмү, реанимация бөлүмү, кош бойлуу аялдарды дарылоо жана реабилитация бөлүмдөрү жаңыланып жатат», - деп билдирди  КРнын ССМ штаттан тышкаркы кеңешчиси-инфекционист Айнура Кутманова.


Ссылка: https://barometr.kg/ajnura-kutmanova-ildetti-4-variant-menen-darylap-bashtajbyz



Добавить комментарий