Айнура Акматова: Мектептерде санитардык эрежелерди сактагыла

9 декабря 2020 14:21 1133 Barometr
Поделиться в:
ok

Мектеп жашындагы балдардын оорусу сентябрь айында 7ден 17 жашка чейинки балдардын арасында 48 гана учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигини басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Октябрь айында 315 учур 6,5 эсеге көбөйдү. Ошондой эле, 1-декабрга карата 320 учур катталды. Мектепке баруу менен байланышкан бир дагы учур катталган эмес, бардык учурлар үй шартындагы абалга байланыштуу болгон", - деди КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

"Коомчулукта коронавирустун катталган учурлары азайды деп ойлоп жатышат. Бирок, биз дагы деле эрежелерди сактоого чакырабыз! Беткап тагынгыла, социалдык аралыкты жана санитардык эрежелерди сактагыла", - деп айтты Айнура Акматова.

Ссылка: https://barometr.kg/ajnura-akmatova-mektepte-sanitardyk-erezhelerdi-saktagyla



Добавить комментарий