Жерүй жакында толук ишке киришет. "Алтын Альянс" компаниясы өз катарына кызматкерлерди чакырууда

25 февраля 2019 08:52 1396 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Талас облусундагы "Алтын Альянс" алтын кен чыгаруучу компаниясы жаңы кызматкерлерди өз катарына кошууда. Жакында Жерүй толугу менен ишке киришүү алдында турат. Кызматкерлерди жумушка алуудагы экинчи этапты комиссия карап чыкты. 

"Алтын Альянс" компаниясынын кадрлар бөлумунүн жетекчилигинин орун басары Наргиза Асанакунованын билдиргенине караганда, жогорудагы аталган компания 2019-жылдын аягына чейин 500гө жакын ар кандай тармактагы кадрларды окутуу каралууда. 

"Алтын кен чыгаруучу жерде болгону 1000ге жакын гана адамдар иштешет. Алардын басымдуусу Талас облусунун тургундары. 45тей тандалгандарды өзүнчө бөлүп алып, дагы окутабыз. Окутуу бир айга созулат. Алардын ичинен эң мыктылары компаниянын катарына кошулат"-деп билдирди Наргиза Асанакунова.

Кагаздагы лицензия жана макулдашууларга байланыштуу Жерүйдө иштегендердин 80%ы жергиликтүү тургундардан болушу шарт деген жери бар. Андыктан, кызматка алып жатканда сөзсүз түрдө Талас регионунун тургундарына гана сынак жарыяланат.

Талас облусунун Сасык-Булак айылынын тургуну Азиз Жумашев "Алтын Альянс" компаниясында бир канча айдан бери айдоочу болуп иштейт. Ал бул компанияга сынак аркылуу келип кирген. Алгач окутуулар болуп, андан соң өзүн көрсөтө алгандан кийин жумушка алышкан. 

"Жумушту женил деп айта албайм. Бирок, абдан жакшы төлөп беришет. Биз иштеп жаткан техникалар дагы көп кыйынчылыктарды жаратпайт. ар дайым курсагыбыз ток. Жакшы тамак беришет жана жаткан жерлерибиз дагы ыңгайлуу. Жалпысынан мага бул жакта иштеген жагат"-деди Азиз Жумашев.

Ал эми Талас облусунун губернатору Марат Мураталиевдин айтымында, 2-3 айдан кийин Талас облусунун көп тургундары дайымкы жумуш менен камсыз болушат. Себеби, учурда курулуш иштери аяктап калгандыктан, жакында ишке киришүү алдында турат. Жалпысынан 1000дин тегерегиндеги кызматкерлер иштешти керек. 

Жумушка алуу жолдору этап менен уланат. Андыктан биринчисине жетишпей калгандар, кийинкисине деле келе берсе болот-деп билдирди губернатор Марат Мураталиев. 


Ссылка: https://barometr.kg/ajlygy-kp-kompaniyada-ishtegiiz-kelebi-altyn-alyans-kompaniyasy-z-kataryna-kyzmatkerlerdi-chakyruuda



Добавить комментарий