Айгерим Расул кызы: "Майор наамын алдык, эми генерал болобуз"
Айгерим Расул кызы күйөөсүнун "Майор" наамын алганын айтып көпчүлүк менен бөлүштү. Ырчы мындай кабарды өзүнүн жеке баракчасы аркылуу мындай деп жазды:
"Менин сүйүүм, жаным, мамалагым, жүрөгүмдүн жарымы, өмүрлүк жолдошумду, балдарымдын атасын «майор» наамын алганы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Талыкпаган эмгегиңдин үзүрүн көр, өз кесибиңдин мыкты кызматкерисиң! Майлуу, сүттүү болсун…ар бир кадамыңды ийгилик коштоп жүрсүн! Буюрса бизде баары алдыда. Жакшылыктын артынан жакшылык. Тфу, тфу, тфу…Көз тийбесин! Аллах колдосун! Буюрса генералга жетебиз! А биз ар дайым жаныңдабыз".
Көпчүлүк куттуктап, жакшы сөздөрүн айтышты, ал эми эл оозунда элек жок дегендей, "мактанба"-дегендери да болбой койгон жок.
Эске салсак, жакында эле ырчы айым уулдуу болуп, атын Элмырза койгонун жарыялаган.
Ссылка: https://barometr.kg/ajgerim-rasul-kyzy-major-naamyn-aldyk-emi-general-bolobuz
Добавить комментарий ×