Айдоочунун кулагына күмүш сырга. Айып пулдар өзгөртүлдү
4-марттан баштап Жол эрежелери тууралуу кодексине киргизилген толуктоолор күчүнө кирди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын расмий баракчасына жарыяланды.
Ага ылайык, белгиленген ылдамдыктан саатына 10 чакырым ашкан айдоочуга 1000 сом айып пул салынат. Буга чейин айып пулдар боюнча жаңы кирген кодексте карама-каршылыктар орун алгандыктан, тиешелүү органдар кайра иштеп чыгышты.
Жаңы толуктоолорго ылайык, төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
1. Белгиленген ылдамдыктан саатына 10 чакырымдан 20 чакырымга чейин ашкан айдоочуга 1000 сом айып пул салынат.
2. Белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымдан 40 чакырымга чейин ашкан айдоочуга 3000 сом айып пул салынат.
3.Белгиленген ылдамдыктан саатына 40 чакырымдан 60 чакырымга чейин ашырып айдаган айдоочуга - 5500 сом айып пул салынат.
4.Белгиленген ылдамдыктан саатына 60 чакырымдан жогору айдаган айдоочуга 7500 сом айып пул салынат.
Айдоочу айып пулду салынган күндөн тарып 15 жумушчу күндүн ичинде төлөсө, айып пулдун көлөмү 50 пайызга кыскарат.
Ссылка: https://barometr.kg/ajdoochunun-kulagyna-kmsh-syrga-ajyp-puldar-zgrtld
Добавить комментарий ×