Айдоочулук курамды каттоо департаментинин башчысы коррупция менен кармалды

5 ноября 2018 17:40 1174 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментининин башчы оперативдүү иликтөө иштеринин негизинде коррупция беренесине айыпталып, кармалды. 2018-жылдын 2-ноябрында 313,313-1,304,314 беренелеринин негизинде айыпталуучуга кылмыш иши козголуп  ал «А.Н.» аттуу Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо  департаментининин башчысы болуп чыкты.

Ал буга чейин жарандарга күбөлүк берүүдө жана аларды каттоодо жана айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуган студенттерден экзамен алуу учурунда акча алып келгени анык болду. Айыпталуучу учурда КРнын УКМКнын абагында камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ajdoochuluk-kuramdy-kattoo-departamentinin-bashchysy-korrupciya-menen-karmaldy



Добавить комментарий