Айдоочулар көңүл буруп, жол бошоткула. 102 жана 103 кызматынын унаалары келе жатат
Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын көчөлөрүндө бүгүн 102 жана 103 кызматынын унааларынын коштоосундагы “Маяк” рейди өткөрүлдү.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, рейддин максаты, атайын үн коштоо менен кетип бара жаткан унааларды кое бербеген айдоочуларды аныктоо жана жол кыймылынын ушул эрежесине баш ийбеген айдоочуларга карата чара көрүү.
Бүгүнкү рейддин жүрүшүндөгү бир саатка созулган текшерүүнүн жыйынтыгында тартип сакчылар 21 айдоочуга карата административдик протокол түзүштү. Тартип сакчылар мындан кийин да, “Маяк” рейди улантыла тургандыгын билдиришти.
Эреже бузгандарга карата айып пулдун көлөмү 500 сомду түзөт.
Добавить комментарий ×