Айчүрөк менен Жаниндин чыры: Гүлшайыр Садыбакасова окуянын экинчи бөлүгү менен бөлүштү
Ырчылар Айчүрөк Иманалиева менен Жанин Ахунжанованын пикир келишпестиги уланып келе жатканына 1 айдын жүзү болду. Ырчылар ар тараптуу пикир келишпестиктин айынан бири-бирине катуу сөздөрдү айтканга чейин барышты.
Шоу бизнестин алдыңкы адамы катары алардын ортосуна Гүлшайыр Садыбакасова түшүп ырчыларды туура жолго келип элдешүүгө чакырган эле. Ал өз оюнун бөлугү менен да бөлүштү.
"Кудайдын атын атап ортого коюп, улуу аксакал катарында дагы бир жолу суранамын, ачуунду артка таштап, өткөн азаптуу күндөргө сабыр тутуп, ушул ызы-чууну токтотуш үчүн Жанинди (Жамиланы) кечир?! Жанин, сага айтаарым сен кичүүсүң: "Бир күн туз таткан жериңе, миң күн салам бер!"- деген улуу сөздү назар тутуп, өткөн ишти көбүртүп-жабырта бербей, ар-кимдин тукуруусуна азгырылбай Айчүрөк эжеңдин ачуу үстүндө айткандарына капалана бербей, эжеңди кечиргин?! Бирөөнүн үйүндө бир күн жашай албайсың. Сен Айчүрөк эжеңдин үйүндө 4 жыл бекер жашап, бекер 3 маал тамак ичип, концерттерге чыгып, аз да болсо сахнанын сырларын үйрөнүп, көрүүчүлөрдүн кол чабуу ыразычылыгын алганың бүгүнкү ырчылык жетишкендиктериңдин башаты болгон деп, так, кесе айта аламын ! Беш жаштагы Арген балабыздын, балалык эркелигин "кордогон" дегенин бир аз туура эмес болуп калган... Бала баарыбызда бар, эркелиги, шоктугу, ыйлактыгы, тежиктиги менен биздин зор байлыгыбыз деп эсептеймин! Менде да, сенде да, Айчүрөктө да бала бар ! Ошондуктан балдарыбызга эч качан тил тийгизбейли !? Жанин, сен дагы акыл-эстүү, баам-парасаттуу, иштеген жериңде урмат сыйга татыган айымсың! Сенден да өтүнөм, Айчүрөк эжеңден дагы бир жолу кечирим сура, кайра бул окуяны жаңыртпайлы, сени тукургандардын бирөөсүн да укпагын!? Экөөңөрдүн уруш-жаң-жалыңар бекерчилерге эрмек болду! Ал эми азап-тозокту экөөңөр тарттыңар! Болду кыздар, жазгандарыңарды токтоткула, бир-бириңерди жамандап жазган постторду өчүргүлө, ынтымакташып, кечиришип, бир ай бою нервиңерди жеген, ден-соолугуңарды алсыздандырган ушул ызы-чууга чекит койолу?!!", -деди Садыбакасова.
Ал эми ырчылар Айчүрөк менен Жанин бул тууралуу эч кандай пикирлерин билдирише элек.
Эске салсак Жанин Ахунжанова Иманалиеванын үйүнөн кордук көрдүм эле деп берген маегинен кийин баары күч алып кеткен. Алар бири-бири менен соцтармактагы баракчалары аркылуу далай сөздөрду айтышкан.
Добавить комментарий ×