Аида Салянова: Бейкүнөө Уланды өлтүрткөн канкорлор жоопко тартылуусу зарыл
Экс-башкы прокурор Аида Салянова каза тапкан иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу сот боло турганын фейсбуктагы баракчасына маалымдады.
“Эртең саат 14.00дө Биринчи май сотунда иним Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук процесс уланат, сотто негизги күбө Олег Тярт сурак берет. Бул өтө маанилүү. Анткени Тярт тергөөдө дагы, сотто дагы “чоң кызматтагы адамды өлтүрүү заказы түшкөнүн, анткени ал адам башка “чоң адамдарга” тоскоолдук жаратып жатканы жөнүндө укканын айткан. Тяртка муну инимди өлтүргөн киши айткан.
Тергөөнүн материалдарында дагы саясый заказ жөнүндө айтылганы бар. Бирок заказды ким бергени иликтенген жок. Министр болуп турган Атамбаевдин жан сакчысы бул жагдайды иликтегиси келген эмес, бул суроону атайын эле айланып өтүп кетишкен.
Негизи эле мага карата “Лицензия” маселеси менен иш козгоп, анысы окшошпой жатканда Сегизбаев мага башка иш козгогонго аракет кылган. Бирок ал иши дагы эч окшогон эмес. Анысы жэр басып алды деген жалаа болчу. Эң кызыгы Сегизбаев жалдап келип ошо экинчи иши боюнча мага каршы видео-тасмага сүйлөткөн Абдыкулов деген кишиси кийин кайра иним Уланды өлтүрүүгө да катышып, а тургай уюштуруп жатпайбы. Бул кокусунан эмес экени айдан ачык эле да. Учурда Абдыкулов кармалып Москвада камакта, бирок экстрадиция маселеси чечилбей жатат, бул дагы өзүнчө табышмак. Керек болгондо тез эле самолетко салып жетип келип жатышпайбы... Ошол Абдыкуловду колдонуп, мага карата жалаа жаап сүйлөткөн Сегизбаев кийин аны инимди өлтүрүүгө экинчи ирет колдонгон жок деп эч ким кепилдик бере албайт...
Дагы бир табышмактуу нерсе... Иним Уланды өлтүргөн Осмонкуловдун машинесин МАИ кызматкери токтоткон, ошондо ал “...я свой, мен Саляновага каршы көрсөтмө берип жүрөм...” деп айткан. Бул жагдай да тергөөчү тарабынан иликтенбей эле калган.
Ошо эле Осмонкулов “...мен бирөөнү өлтүрүп берсем мага Оштогу каракчылык боюнча иш боюнча чоң адамдар жардам беришет...” – деп айтканын дагы күбө сотто тастыктап берди. Инимди өлтүргөн учурда Осмонкулов колония-поселениеде болгон, ага чейин Ошто каракчылыкка да катышкан. Бирок милиция тарабынан изделген эмес, анын колония-поселениеде экенин билип турушса дагы, бул жөнүндө жабырлануучулар кайра-кайра айтып жатышса дагы издөө жарыя кылынган эмес. Бул дагы чоң табышмак.
Мына ушундан улам: кылмыш кылганы үчүн колония-поселениеде жүргөн киши, анан дагы каракчылык боюнча издөөдө жүрсө, анан аларга кошумча киши өлтүрүүгө кантип батынат эле эгерде аны жогору жактан колдоо болбосо, ага кандайдыр бир гарантиялар берилбесе? – деген суроо туулат.
Эртеңки сот отурумунда ошол Осмонкуловду колдогондор кимдер, ага кол тийбестик кепилдигин бергендер кимдер, аны адам өлтүрүүгө буюргандар кимдер деген суроого судья жооп издөөгө милдеттүү, эгерде бул суроого жооп жок болсо, анда сот акыйкаттыгы болбойт.
Бейкүнөө Улан Саляновду өлтүрткөн канкорлор жоопко тартылуусу зарыл,-деп жазды Салянова.
Эскерте кетсек, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.
"Ата Мекен" фракциясы окуяны Салянованын ишмердүүлүгү менен байланыштырып, "саясий негизи бар" деп сыпаттаган. ИИМ кылмышта саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун маалымдаган.
Ссылка: https://barometr.kg/aida-salyanova-bejkn-ulandy-ltrtkn-kankorlor-zhoopko-tartyluusu-zaryl
Добавить комментарий ×