Аида Касымалиева менен Жыргалбек Турускулов Вашингтонго барат

4 февраля 2020 11:40 908 Barometr
Поделиться в:
ok

2020-жылдын 3-7-февралында Жогорку Кеӊештин депутаты, төраганын орун басары Аида Касымалиева менен парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Жыргалбек Турускулов Вашингтон шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги маалымдады.

Андыктан Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигинин демилгеси боюнча 2020-жылдын 6-февралында саат 15.00-17.00дө элчиликтин имаратында Америка жана Канадада жашаган мекендештирибиздин депутаттар менен жолугушуу уюштурулууда. 

"Бул жолугушуу актуалдуу жана көйгөйлүү маселелерди талкулоого мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылат маалыматта.

Жолугушууга катышуу боюнча маалыматты элчиликтин kgconsul@kgembassy.org электрондук дарегине жиберүү керек.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-kasymalieva-menen-zhyrgalbek-turuskulov-vashingtongo-barat



Добавить комментарий