Аида Исмаилова: "Адам билими жана таланты менен гана таанылат"
25-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Бишкек шаарында жайгашкан №81 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы билдирди. Жогорку Кеӊештин иши менен таанышууга келген мектеп окуучуларына парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берген депутат Аида Исмаилова:
"Адам билими жана таланты менен гана таанылат. Ал эми мамлекет ошол билимдүү жана таланттуу жаштардын келечектүү демилгелери менен өнүгөт. Андыктан, жакшы окуп, көп түрлүү өнөр үйрөнүүгө аракет кылгыла. Талыкпай изденүү менен тынбаган аракет өзүңөрдүн өсүүңөргө гана өбөлгө болот", - деди.
Ошондой эле жолугушуунун алкагында окуучуларга парламенттик жыйындардын жүрүшү менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилип, Жогорку Кеӊештин аппаратынын ишин көрүп чыгууга да шарт түзүлдү. Андан тышкары, окуучулар кызыккан суроолоруна жооп алышып, мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берген депутат Аида Исмаиловага ыраазычылык билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/aida-ismailova-adam-bilimi-zhana-talanty-menen-gana-taanylat
Добавить комментарий ×