Африкада чагылган 10 өспүрүмдүн өмүрүн алып, 4 бала күйүп калды
Африканын Уганда аймагына караштуу шаарлардын биринде футбол ойноп жаткан өспүрүмдөргө чагылган түшүп, 10 бала каза болду. Бул тууралуу АР агенттиги берген маалыматка шилтеме берип “Барометр” которду.
Маалыматта, балдар футбол ойноп жаткан учурда күн күркүрөп, жамгыр жаап баштаган. Балдар талаанын жанындагы чатыры бузук үйгө корголошкон. Бирок ал үйгө чагылган түшүп, 10 бала каза болуп, 4 бала жаракат алган. Маалыматта алар 9дан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр болгондугу айтылат.
Жергиликтүү полициянын айтымында, Угандада мындай кырсыктар көп катталат. Үйлөрдүн көбү чагылганга туруштук берүүгө ылайыкташтырылган эмес. Ошдуктан чагылган түшүп каза болгондордун саны жамгырлуу мезгилде көп болот.
Ссылка: https://barometr.kg/afrikada-chagylgan-10-sprmdn-mrn-alyp-4-bala-kjp-oorukanaga-tsht
Добавить комментарий ×