Американын акыркы аскерлери Афганистандагы эң ири базадан чыгып кетишти

3 июля 2021 10:32 1330 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын жана НАТОнун аскерлери Афганистандагы эң ири аскер базасы болгон Баграмдан чыгарылды. Бул тууралуу Reuters булагына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

“Талибан” менен тиешелүү келишимге келгенден кийин баардык америкалык аскерлер менен НАТОнун жоокерлери Афганистандын баш калаасынан 60 чакырым аралыкта жайгашкан авиа базаны таштап кетишти.

Америкалык аскерлер өздөрүнүн аба жана материалдык-техникалык  колдоосун Баграм авиабазасына жайгаштырышкан, ошондуктан андан аскерлердин чыгышы АКШнын миссиясынын аяктаганынын символу болуп эсептелет. 

Президент Джо Байден аскерлердин ири бөлүгү Афганистанды 4-июлда таштап кете турганын айткан, ал эми калган күчтөр элчиликти коргоого калат.

Эскерте кетсек, АКШнын аскерлери Афганистанда 2001-жылдан бери турат. Бул арада Америка 2400 аскерин жана 1 триллион доллар жоготту.

Ссылка: https://barometr.kg/amerikanyn-akyrky-askerleri-afganistandagy-e-iri-bazadan-chygyp-ketishti



Добавить комментарий