Адам баласы мурдагыдай жашабайт. Коронавирустан кийин бизди эмне күтөт?

27 апреля 2020 13:23 2563 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-Түрк Манас университетинин философия бөлүмүнүн башчысы, профессор, философия илимдеринин доктору Жамгырбек Бөкөшов коронавирус пандемиясы учурунда пайда болгон айрым ой-пикирлерин жазды.

“Жалпак тил менен айтканда тумоо келет, кетет. Ооруган сакаят, бузулган оңолот. Бирок, адегенде эле эки жагдайды айныгыс чындык катары кабыл алышыбыз зарыл деп ойлойм. Биринчиси, мындай апаат адам баласынын башына биринчи жолу түшүп жатат. Адамзат тарыхына көз чаптырсак, Батышта да, Чыгышта да далай ирет элди Чоң тумоо каптаганын көрөбүз. Бирок, бул мүшкүл бир шаарда, бир өлкөдө же бир аймакта орун алып, узакпы- кыскабы жай турмуш асты-үстү болуп, эл кырылып, эси ооп, Кудайга жалынып-жалбарып, анан бара-бара жашоо кайра өз нугуна түшкөн. Бу жолу биринчи ирет Чоң тумоо - мурун кезикпеген, теги бүдөмүк, кайсы даары шыпаа болору белгисиз, “таажы” атка конгон вирус бүт адамзатты, Жер шарын бүтүндөй каптап, өнүп-өскөн, баарынан күчтүү, баарынан бай деп эсептелген мамлекеттерден өйдө тизелетип, бүлгүнгө салып отурат. Жай турмуш токтоду, экономика тушалды, туризм буулду, дүйнө кезген эл агымы кескин кыскарды, “өзүңдү жашыр” (самоизоляция) деген ураан өлкөдө да, айыл-шаарда да, ар бир үй-бүлөдө да өкүм сүрүп жатат. Мындай кырдаал тарыхта биринчи жолу. Муну ойлоп, талдап, таразалашыбыз керек.

Экинчи жагдай, таажы вирус эпидемиясынан кийин (посткоронавирус доору деп коёлу) башкача жашайбыз. Тумоо кетет, ооруган айыгат, анан мурунку көнгөн турмушка кайрылып келебиз деген туура эмес. Экономика да башка болот, саясат да башка болот, карым-катыш да башка болот. Кандай болот- муну азыр таамай-таасын айтыш кыйын деп ойлойм. Бирок, жашоо-турмуш түп-тамырынан бери башкача болору шексиз. Буга даяр болушубуз зарыл, буга карата кам көрүшүбүз абзел.

Азыр медиктер күндүр-түндүр мээнет кылып, жан аябай иштеп, согуштагыдай эле эрдик жасап жатышат. Саясатчылар, бийликтегилер өз милдетин татыктуу аткарышка аракет кылышууда. Укук коргоо органдары өз милдеттерин аткарышка тырышып жатканын көрүп турабыз. Аларга алкыш гана айтышыбыз керек.

Ошол эле учурда ар бирибиз ойлоно турган, тыянак кыла турган маселелер арбын. Булардын арасында философия “түбөлөк” эсептеген маселелер да аз эмес. Мен айрым бир ойлоруму ортого салганды ылайык таптым.

COVID-19 эмнени айгинеледи?

Жондотуп айтканда, баарыбыз дээрлик көрүп-билип турган айрым учурларды санактап койсок. Адам баласы назик, борпоң, талылуу жан экен: кымындай вирус капыстан каптады эле, алапайын таппай калды. Глобализация, дүйнөлүк экономика бекем, бышык эмес, жука кабыктай олку-солку, алды-арты ойдогудай иреттелбеген, көмүскө агымдары баш бербеген, “сырты жалтырак, ичи калтырак” түзүм экен: пандемиядан улам кыйрады, кыйсыпыр түштү, баш аягын жыйнай албай калды. Улуттук экономикалардын да ал-абалы, кемтиги ачыкка чыкты: чынында ар мамлекетте эмне бар, эмне жок; бар болсо канчага жетет, канчага чыдайт турганы айкын болду. Медицина, дегеле илим “дүркүрөп өнүккөндөй” көрүнгөнү менен көп жагынан аксайт экен, алардын колунан келбеген, алар так-таасын түшүндүрө албаган нерселер аз эмес экенин көрүп отурабыз. Адамзат өзүн өзү тукум курут кылып, талкалай турган чекке жакындап калган экен: айрымдар “үчүнчү дүйнөлүк согуш” башталды десе, айрымдар бактериячыл согуш, гибриддешкен (аралаш, көп кырдуу) согуш тууралуу кеп кылып жатышат; кээ бир адистер бул апаатты “дүйнөлүк өкмөттөн”, “алтын миллиарддан”, “масондордон”, “он бир үй-бүлөдөн”, “бир ууч ашкан байлардан” көрүп, таажывирус бул калп, алар табият ресурстарын кызганып, адамзат санын кыскартканы жатышат же дүйнөлүк байлыкты, планетадагы бийликти кайра бөлүш үчүн муну атайлап кылышты дешет. Интернет мейкинине кирген адам мындай конспирологиялык же төбө чачты тик тургузган тири укмуш “теориялар” жаандан кийинки козу карындай жамырап чыкканын айныбай көрөт. Элдин, улуттардын маданий турмушу, коомдук турмушу, каада-салты кайрадан аңдап-талдап карашка муктаж экен. Ар ким өз үйүнө жашынганы- көп эле нерсе ашык баш экенин айгинеледи: ансыз деле жашаса болот экен, адам өзүн өзү тыйса, чектесе болот экен. Эң башкысы- адам өзүн жеткиликтүү билбейт экен.

Ушундай маалда кайра-кайра айтыла берип, жедеп жешилип, өңү өчүп, бозоруп, жылмаланып калган, ойго илинбей, кулакка сиңбей кайып кеткен бир акыйкат эске келет. Бул- “өзүңдү өзүң таанып-бил” деген насаат, талап. Муну “Сократтын осуяты” деп коёбуз. Бирок, аны Сократтан мурун деле айтышчу. “Сократтыкыбы- башканыкыбы” дебей эле ар элде, балким бир аз башкача кыязда, башкача сөздөр менен айтылып келген насаат. Ушуга маанилеш кепти Калыгул атабыз, Токтогул атабыз деле айткан экен. Эми кеп оролу мында. Коронавирус бизге: Эй, адам! Токто! Ойлон! Каякка чуркап баратасың, эмне кылып жатасың, чынында сага эмне керек? Ушуну ойлон! Ойлонбой эле элди ээрчип, элди  туурап, элдин шары менен кете берип, бир жерден оңкоңон кетпе!”- деп эскертип жатат.

Бир армян акынынын (аты-жөнүн унутуп жатам) беш-алты сап ырын окудум эле. Мааниси  мындай: “Адам! Сен баамдап-бак! Сен азыр таштын үстүндө отурасың”. Акыркы сапты эки кайталайт. Болгону ушул. “Эртең, өлсөң, таш сенин үстүңдө болот” деп жазган эмес. Бирок, дээринде бар киши муну айттырбай түшүнөт. Алыс барбай эле “Манаска” кулак салсак “Бүгүн көргөн эртең жок. Ушундай экен дүйнө, бак” деп айтылат эмеспи.

Дегеним- адам баласы тыным алып, сабыр кылып, “Мен кантип жашап келдим? Кылган-эткенимин баары туурабы? Мындан нары кантип жашаганым туура болот?”- деп ойлоно турган мезгил келди. Цивилизация кризиси, пейилдин кетиши тууралуу далайдан бери кеп жүрүп келе жатканы маалым. Бир кезде “Батыштын күнү бүттү” (Ницше, Шпенглер) деген ызы-чуу чыгып, анан басаңдап калды эле. Чыгыш деле жыргап кеткен жери жок. Эми кайра “адамзаттын ушундай жол менен жашаганы туурабы, адам баласы туюкка кептелген жокпу?”- деген суроо эми кайра күч алды. Ой тегеретип көрсөңөр: бүгүн эгер ядролук ( “өзөктөк” деп кыргызчалап жүрөбүз) согуш чыгып кетсе, адамзат аман калбайт, айрым эсеп боюнча топтолгон бомбалар жарылса, Жер шары өз огунан чыгып кетиши мүмкүн экен, бери болгондо Жер үстүндө тирүү жан калбайт экен. Демек, адам дарактын бир бутагына конуп алып, аны өзү аралап, эми качан күп этип кулап түшөр экенмин деп күтүп жаткандай эле акыбал. Же “дары (порох) шыкалган бочканын үстүндө отуруп” дегендей кеп. Ушул “акылдуу адамдын” (гомо сапиенс) кылар ишиби? Жаратылыш ресурстарын бир четинен какшытып келе жатабыз. Эртең эмне кылабыз? Батышта эркек эркекке үйлөнүп, мыйзам жолунда нике күбөлүгүн алганга өтө баштады. Бул адам баласын каякка алып барат? Бир ууч чириген байлар шапар тээп, акчасын кайда чачарын билбей жатса, миллиондогон адамдар жегенге нан таппай заманасы куурулуп турат. Ушул адамзатка жараша турган акыбалбы?

Мен мындан жети-сегиз жыл мурун бир журналга интервью берип, ошондо келечекте “үч технологияга”- биотехнологияга, маалымат технологиясына, саясий технологияга- туруштук бере алабы-жокпу, адам тагдыры ошого жараша болот деген элем. Азыркы Чоң тумоонун тушунда да ошол болжолум туура эле экен деп жатам. Биотехнология: таажывирус тикеден тике ушуга байланыш; жасалма тамак-аш адам организмин кандай өзгөртөшү ыктымал; клон жасоо мүмкүндүгү азыр толук түзүлдү, адамды клондош саясат, эл аралык укук аркылуу гана тыйылып турат, а эгер адамдын көп көчүрмөсүн (копиясын) массалык түрдө жасоого жол берилсе, бул адамзат жашоосун эмнеге алып келет- элестетиш кыйын; бактериялык согуш чыкса эмне болот? Мааламат технологиясы: интернет дооруна ылайык жашашыбыз талап этилет; жасалма акыл (искусственный интеллект) бийлейт, робот жумшоо жайылат; ар бир адамдын кыбыр эткени көзөмөлгө алынат; азыр 5G (5-муундагы маалымат-коммуникация технологиясы) тегерегинде ызы-чуу көтөрүлө баштады. Саясий технология: элди, массаны белгилүү бир максат көздөп көмүскө башкаруу технологиялары ишке аша баштады; Кыргызстандагы эки революцияда тең саясий технологиялар чоң кызмат кылды; бир мамлекеттин же “күчтүн” башка мамлекеттин же аймактын жашоо-турмушуна, айталы, шайлоо процесстерине көмүскө кийлигишүү аракеттери ишке аша баштады; алыс барбай эле таажывирус эпидемиясынын тегерегиндеги ызы-чууну, кеп-сөздү, интернет мейкининдеги дискурсту алалы.

Мен чет-четин эле айттым. Айтор, “технологиялар доору” адамзат алдына чоң сыноолорду жаратып жатат. Ошол сыноолорго адам баласы чыдай алабы, туруштук береби, акыл калчап, жарактуу жол таап, татыктуу жашап кете алабы- кеп мына ушунда. Чынгыз Айтматов да романдарында, айрыкча, “Кассандра энтамгасында” биз кеп кылган технологиялардын кейиштүү артын сыпаттаган эмеспи. Ар нерсенин оң-терси бар. Мына, пандемия шартында интернет ишке жарап жатат. Интернет кызматын мурункуга караганда миң эсе көп пайдаланып жатабыз. Бирок, интернет мейкини жараткан коркунучтар да аз эмес да. Азыр студенттерди, окуучуларды жалпы онлайн окутууга кириштик. Таажывирустан кийин кайра университет, мектептерге кайтабыз. Бирок, окутуу шарттары,  технологиялары да кескин өзгөрөт, мурунку бойдон калбайт. Демек, жаңы жагдайга жараша жарамдуу стратегия иштеп чыгыш зарылдыгы жаралып отурат. Албетте, эмне пайда, эмне зыян- муну ойлонуп, акыл элегинен өткөрүшүбүз зарыл.

Эми глобал экономика, дүйнөлүк саясат кайрадан иреттелет. Эл аралык карым-катышта да жарактуусу калып, ашык башы иргелет. Улуттук кызыкчылыктарга байланышкан талаш, эрегиш кайрадан чыгат. Көп нерсе бизге баш ийбейт, биз ойлогондой болбойт, биздин эркибиз менен эсептешпеши ыктымал. Бирок, ар бир эл, мамлекет, уюм, ар бир адам кайрадан өз иш-аракетин, жашоо-турмушун таразалап, ойлонуп, эмнеси бар, эмнеси жок так-таасын эсептеп, ревизия- инвентаризация жасап, келечекке кам көрүшү зарыл.

Жоопкерчилик ар бирибиздин мойнубузда, ойлонуш ар бир адамдын милдети. Эгер бейкапар болуп, жалкоолукка алдырып, буйруганын көрөм да деп, турмуш агымында чамындыдай ага берсек, башкаларга көз каранды болобуз, биздин тагдырга тиешелүү маселелер башка жерде чечилет.

Кыргызстан саясий суверенитетке ээ дейли. Аздыр-көптүр экономикалык суверенитетке жетишти. Бул- абдан маанилүү. Бирок, бул жаатта олку-солку абалыбыз жашырын эмес. Эмне өндүрөбүз, эмнебиз бар, өз колубуздан эмне келет, кайсы жагынан башкалардын жардамына муктажбыз- эпидемия шартында бул ачык-айкын байкалды. Эми өзүм илим-билим тармагынын өкүлү болгон соң, интеллектуалдык суверенитет тууралуу учкай айта кетейин. Эмгиче Кыргызстанда илим кандай болуш керек, кантип өнүккөнү оң, кандай изилдөөлөр максатка ылайык, каржы тартыш жагдайда илимдин кайсы багыттары, бутактары приоритет (артыкчылык) алышы зарыл- ушул сыяктуу маселелердин башын ачып, баасын бычып, бир жаңсыл жол көргөзгөн, коомчулук колдогон концепциябыз жок. Бир топ “документтер” бар. Бирок, алар ойдогудай иштебейт. Улуттук илимдер академиясынын тагдырын же нары, же бери кылып чече албай келе жатабыз. Жогорку билим берүүдө мамлекеттик стандарт деген бар. Арийне, бул зарыл жана маанилүү нерсе. Бирок, Россияны ээрчип, алардыкын анча-мынча өзгөртүп “көчүрүп” алмайга көнүп, өз алдыбызча даярдаганга же эркибиз жетпей, же даяр оокат жеңил көрүнүп отуруп, анан эми бирин колдонгонго киришсек, көп өтпөй эле “Россия мамлекеттик стандарттын жаңы муунуна өттү” деп, кайрадан мамлекеттик стандарттарды өзгөртүшкө киришебиз. Туура, башкалардын тажрыйбасына таянбай коё албайбыз. Туура, “Болония процессине” кошулушубуз зарыл. Бирок, мамлекеттик стандарттарды камдоону өз акылыбыз менен жүргүзсөк, улуттук шарттарды жана кызыкчылыктарды эске алып, бышыктап жасасак, чалды-куйду акыбал аз болот эле го. Муну терең түшүнгөн, бул иш колунан келген адистерибиз деле бар. Кеп интеллектуалдык суверенитетке маани бербей жатканыбызда. Өз интеллектуалдык ресурстарыбызды эпке келтирип, өз акылыбызды  ишке салып, мамлекетибиздеги маселелерди өз алдынча чечишти жолго сала албай жатканыбызда.

Азыркы коомдо эксперттик иш, билим, сыноо абдан баалуу. Өлкө турмушунун кайсы тармагы болбосун- энергетикабы, коопсуздукпу, билим-таалим берүүбү, бизнес секторбу, айтор, кайсы тарапты алба- эксперттик жамааттын пикири, сунушу, тыянагы керек. Өнүккөн-өскөн өлкөлөрдө “коомдук саясат” форматында иштөө, “ой фабрикалары” дегендер, сандаган аналитикалык борборлор татыктуу ордун тапкан. Бизде саясатчылар, жетекчилер өзүн акылдуу эсептешеби же экспертизага анча маани беришпейби, айтор,  “эксперттик тыянак” талап этилсе да, эптеп-септеп уюштуруп, көбүнчө “өз тааныштарына” кайрылып, аты бар, заты жок бир “документ” менен бүттү-бүттү кылышат. Кеп эксперттик ишти мамлекет тарабынан колдоого алуу, эксперттик жамааттын эмгегин баалоо, бул ишти тиешелүү укуктук-нормативдик негизде уюштуруу зарылдыгы тууралуу жүрүп жатат. Эксперттер бар, тажрыйбалуу адистер бар, дүйнөлүк стандарттагы билимге ээ жаштар көбөйдү. Ар ким өз алдынча иштеп жатат. Бирок, эксперттик ишти мамлекетик саясат деңгээлинде жолго коймоюн, бул иш жемиштүү болбойт, чала-була бойдон кала берет. Таажывирус боюнча эксперттерибиз кандай кеңеш берип, кандай сунуш киргизди? Таажывирусунан кийин экономикабыз кандай болот, эмне кылыш керек- эксперттик тыянак кандай? Борбор Азиядагы саясий-экономикалык ал-акыбалды изилдеген, узак мөөнөт көздөп талдаган аналитиктерибиз барбы? Башка коңшу мамлекеттерге, дүйнөлөк тенденцияларга көз салган эксперттик-аналитикалык борборлорубуз, топторубуз барбы? (Кеп жалгыз-жарым адистер эмес, уюштурулган иш тууралуу болуп жатат). Ушул сыяктуу суроолор арбын. Мунсуз интеллектуалдык суверенитет болбойт, билим-акыл жаатында өз алдынчалыкка жетпейбиз. Демек, башкаларды туурап, башкаларды ээрчип жүрө беребиз. Эксперт десе эле акылы ашып-ташкан, көзү ачык, артыкча касиетке ээ кишини элестетпеш керек. Кеп билимдүү, тажрыйбалуу, патриот адамдардын, адистердин эксперттик ишин уюштуруп, технология жолуна салып, эмгегин баалап, тиешелүү деңгээлде маани берүү зарылдыгы айтылып жатат.

Дагы бир ирет кеп тизгинин таажывирустун “Токто! Ойлон!” деген чакырыгына буруп отурабыз. Дагы бир жолу жоопкерчилик ар бирибизге тиешелүү экенин белгилемекчибиз. Мына, ойлонуп көрөлүчү. Парламенттик системага өттүк деп санайбыз. Депутаттарды партиялык тизме менен шайлайбыз. Парламент келип Өкмөттүн курамын аныктап жатат. Демек, мамлекеттик бийликтин эки бутагын- мыйзам чыгаруу бийлигин жана аткаруу бийлигин саясий партияларга берип жатабыз. Бирок, партияларыбыздын ал-акыбалы кандай? Эки жүздөн ашык партия бар- кимиси кандай экенин билебизби? Он бир киши (дос-тууган) макулдашса, саясий партия түзө алат. Ушул элдин таламына, улуттук кызыкчылыкка жооп береби? Бийликтин эки бутагын алардын колуна салып берип жатсак. Анан шайлоонун эртеси эле “парламентке базаркомдор толуп алды” деп чуу түшүп жатып калабыз, эки күндүн биринде министрлерди алмаштырабыз. Партия тизмедеги орундарды онго чейинкиси мынча, жыйырмага чейинкиси мынча деп базардагыдай сатып жатса, анан парламентке капчыктуулар келбей ким келет, анан алардын эки оюнун бири чачканын жыйнаш болбой- эмне болот? Демек, партиялык курулушту түп-тамырынан бери өзгөртүшүбүз керек. Партиялар олигарх жетекчиси эмес, программасы жана идеологиясы менен элге тааныла турган укуктук нормалар киргизилиши зарыл. Шайлоочуну сатып алууга катуу бөгөт коюлушу керек. Бүгүн кайсы партия акчалуу болсо, бир айылдан агитатор деп жүздөгөн адамдарды акы төлөп жалдайт. Бул “мыйзамдашкан сатып алуу” эмей- эмне? Андан тышкары да акча таратканы, сый-тамак бергени, концерт бергени канча. Бул дагы добуш “сатып алуунун” кыйыр жолу. Менимче, шайлоочуларга маалымат жеткирүү, үгүт-насаат иштерине кеткен чыгымдын бир бөлүгүн мамлекет өзүнө алып, атаандаштар үчүн бирдей шарт түзүшү зарыл. Шайлоо мыйзамдарынын дагы бир топ жактарын оңдош керек. Ансыз парламент курамы жакшырбайт, демек, аткаруу бийлиги да оңолбойт. Азыр темага байланыштуу айтчу кеп- ар бир шайлоочу ойлонушу зарыл, жарандык парзды, шайлоо жоопкерчилигин сезиши керек. Антпесек, “баланча вирус” кайра эле келип, башыбызга кайрадан кыйынчылык түшүшү мүмкүн. Ал эми эртең экономикабыз кандай болот, саясатыбыз кандай жүрөт, кызмат-ишибиз эмне болот- барып келип ким мыйзам чыгарат (парламент), ким кандай башкарат (аткаруу бийлиги)- ошого байланыштуу экен. Көрсө, аларды өзүбүз шайлайт экенбиз. Демек, өзүбүзгө өзүбүз кылат турбайлыбы.

Буйруса эртең тумоо кетет. Кадимки турмушка өтөбүз. Бирок, башка шарт, башка дүйнө болот. Ошондуктан ойлонуп, акыл калчап, мурун баамга урунбаган, көңүл сыртында калып келген нерселерди кайрадан талдап-таразалап, оңдочусун оңдоп, жараксызын таштындыга ыргытып, чаңды күүп ташташыбыз абзел. Таажывирустун кесепети канчалык, арты кандай болот- муну келечек айгинелейт. Бирок, анын азыркы маалдагы айныксыз бир сабагы- адамга “өзүңдү таанып-бил” деген эскертүүсү. “Токто! Ойлон!” деп жатканы. Биз адамзат өкүлү катары да, Кыргызстандын жараны катары да жакшылап ойлонушубуз талап этилет. Эгер жалкоо болсок, кайдыгер болсок, жеңил оокат көздөсөк, элди туурап жан баксак, өз башыбызды иштетип аракет кылбасак, анда дагы деле цивилизациянын чаңында, элдин артында калабыз, эптеп-септеп күн өткөрөбүз. “Ден тумоосу” бат эле өтөт, “жан тумоосу” көпкө кыйнайт. Муну ар кимибиз эстен чыгарбашыбыз керек.

Ссылка: https://barometr.kg/adam-balasy-murdagydaj-zhashabajt-zhe-koronavirus-pandemiyasynan-ulam-chykkan-ajrym-ojlor



Добавить комментарий